• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” пункту убактылуу жабылат - МЧК

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

“Кытай тараптын демилгеси менен 2017-жылдын 18-апрелинде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт унаа жолу”” өткөрмө пункту калыбына келтирүү иштерине байланыштуу (селден кийин калыбына келтирүү) адамдарды, транспорттук жана жүк ташуу каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтотот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөрмө пунктунун ачылыш күнү тууралуу кошумча маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий