• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын: Кыргыз-кытай чек арасындагы транзиттик жүк жүктөө көйгөйлөрү чечилет

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган Жарандык коргонуу штабынын мүчөлөрү жумушчу сапары менен Ак-Сай өрөөнүндө болуп кайтты. Бул тууралуу өкүлчулүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын жүрүшүндө облус жетекчиси кыргыз-кытай чек арасындагы жүк жүктөп өткөрүү процессин жеринде көрүп, ал жердеги көйгөйлүү маселелерден кабар алды.

Белгилей кетсек, пандемиядан кийин Кыргызстандын оор жүк ташыган автоунаалары Кытай тарапка өткөрүлбөй, кыргыз-кытай чек арасында жүк жүктөөчү жай уюштурулуп, кытай тараптан Кыргызстандын жүк жүктөөчү автоунааларына товарлар контейнерлер менен жүктөлүп берилип келет.

Учурда күнүнө 100дөн ашык автоунаалар жүк ташып чыгууда.

Процессти жеринде көргөн облус жетекчиси жүк жүктөөчү жайды кеңейтүү зарылдыгы, коктудан суу түшкөндүктөн ылай болуп, жүк жүктөөгө тоскоолдук жаратып жаткандыктан аталган жайдын инфратүзүмүн тез арада оңдоо керектиги, "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайындагы жараксыз имараттарды түрттүрүп, кезек күткөн айдоочуларга унаа токтотуучу жана баш калкалап эс алуучу жай куруп берүү муктаждыгы сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү бажы, жол, транспорт, жол тейлөө кызматтарына тапшырды.

Жолугушууда айдоочулар Кытайдан жүк менен чыккан контейнерлер салмагынан ашыкча болуп жаткандыктан Кытай тарап менен сүйлөшүп, ушул маселени чечип берүү жагын, ошондой эле унааларды рентгенден өткөрүү өтө көп убакытты талап кылып жаткандыктан процессти жөнөкөйлөтүп берүүнү сурашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл маселени жогорку органдарга жеткирээрин жана кытай тарап менен сүйлөшүп, ашык салмак менен чыккан жүк маселесин чечүү аракетин көрөөрүн билдирди.

Мындан кийин "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайында Жарандык коргонуу штабынын көчмө жыйынын өткөрүп, штабдын мүчөлөрүнө жогоруда аталган маселелерди биргелешип чечүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, аба ырайы туруксуз болуп жаткандыктан айрыкча алыскы кыштоолорго барчу жол каттамдарын тазалоо, түрттүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий