• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-кытай геологдору биргелешкен долбоорду өнүктүрөт

Экономика 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү агенттигинин төрагасынын орун басары Уланбек Рыскулов Кытайга болгон иш сапарынын алкагында «Геология жана минералдык ресурстар боюнча Шэньсий компаниялар тобунун” президенти Джао Тингжоу менен жоолукту.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар “Бир алкак - бир жол” эл аралык экономикалык программанын алкагында биргелешкен иштерди алып барууну талкуулады. Мындан тышкары аталган мекеменин геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн борбордук лабораториясын заманбап жабдыктар менен жабдуу маселеси каралды.

Ошондой эле, жакынкы аралыкта Джао Тингжоунун Кыргызстанга келээри күтүлүүдө. Анда биргелшкен геофизикалык жана геохимиялык карта басып чыгаруу, Кыргызстандагы сел жана жер көчүү коркунучу бар процесстердин картасы боюнча темалар талкууланат.

Кытайдын «Геология жана минералдык ресурстар боюнча Шэньсий компаниялар тобу” мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. Анын алдында 22 ишкана бар. Акциясы 4,7 млрд юаньга бааланат. Ал Жибек жолу стратегиясына активдүү кошулуп, чет өлкөдө базарларын кеңейтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий