• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Кечээ, 27-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй башында турган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу саясий маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү, КР менен КЭРдин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, аянтчалардын (БУУ, Борбордук Азия Кытай) алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Ли Хуэй эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн акыркы 30 жылында кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп, болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде экенин, бул мамлекеттер аралык мамилелердин жаңы типтеги үлгүсү экенин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелери, өз ара ишеними Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык кызматташтыктын андан ары бекемделишине, эки өлкөнүн биргелешип гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес, регионалдык жана глобалдык масштабда тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү үчүн өбөлгө түзөт.

Кытай тарап Кыргызстандын саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү жолун тандап алганын урматтай тургандыгын жана Кыргызстандын өкмөтүнүн улуттук көз карандысыздыкты, эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү коргоого, улуттук экономиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, өлкөдөгү туруктуулукту сактоого багытталган иш-аракеттерин толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

Ли Хуэй кытай тарап Кыргызстандын президенти С.Жапаров кызматка киришкенден кийин ички саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлгөндүгүн, референдумдун жыйынтыгы боюнча элдин эркине ылайык жаңы Конституция кабыл алынганын, экономиканы калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын канааттануу менен белгилей тургандыгын билдирди. Кытай тарап президент С.Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан жакын арада өнүгүү жолуна түшөрүнө ишене тургандыгын белгиледи.

Министр Р.Казакбаев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы саясий диалогду активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата 2022-жылга пландалган биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Кытай Кыргызстандын негизги соода-инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, Р.Казакбаев кытай тарапты Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда биргелешип иштешүүгө чакырды. Кыргызстанга көрсөткөн техникалык-экономикалык жардамы үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге, «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл өткөрүү жайларындагы жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүү мүмкүндүгүн жогорулатуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи, ошондой эле Кытайдын Циндао жана Ляньюньган деңиз портторунда кармалып турган Түштүк Кореядан келе жаткан 2015-жылы чыгарылган автоунаалар жүктөлгөн контейнерлерди үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин тез арада чыгарууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Кытай тарап аталган жүктөрдү Кыргызстандын аймагына биринчи кезекте өткөрүүнү уюштуруу боюнча чечим кабыл алгандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин практикалык жактан ишке ашыруу багытында жигердүү иштөөгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий