• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

Ошондой эле тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын уюштуруунун тиешелүү маселелерин талкуулашты (Ушул жылдын 16-17-сентябрында, Душанбе шаары).

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргелешип күрөшүү багытына өзгөчө көңүл бурулду. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь КЭРдин СУАР өкмөтүнүн Кыргызстанга 1500 тонна буудай, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү чечими тууралуу маалымат берди.

Бул контекстте министр Р.Казакбаев КЭРдин Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө дайыма көрсөткөн колдоосуна жана кезектеги гуманитардык жардам берүү чечимине ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлде активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий