• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз кыздары менен казак жигиттеринин ортосунда "Сармерден" оюну өттү

Маданият 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыз-казак өнөр адамдарынын кыз- жигиттеринин ортосунда "Сармерден" оюну өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш салтанатына КР президентинин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты.

Эске салсак, “Сармерден” оюуну кыргыз кыздары менен казак жигиттери ортосунда болду.

25-август күнү казак кыздары менен кыргыз жигиттери ортосунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий