• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-люксембург кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Тышкы жана Европалык иштер министрлигинин ортосунда онлайн форматында саясий консультациялардын экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясын Үчүнчү саясий департаменттин директору Руслан Бекболотов, Люксембургдун Тышкы иштер министрлигинин делегациясын Саясий директор Вероник Доккендорф жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган жааттарда кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, тараптардын БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын, ошондой эле Европа Биримдигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүсү.

Кыргызстан менен Люксембургдун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында тараптар эки тараптуу мамилелердин системалуу өнүгүп жатканын жана достук мүнөзүн белгилеп, салтанаттуу датага карата бир катар иш-чараларды пландаштырышкан.

Кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин ырастап, тараптар өз ара сапарларды, бизнес миссияларды уюштуруу жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны бекемдөө аркылуу саясий диалогду жана соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашты.

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү алкагында тараптар 2022-жылдын май айынын аягында – июнь айынын башында Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүнө боло турган бизнес миссиясын уюштурууну талкуулашты, бул соода жана инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө кыргыз-люксембург кызматташтыгын иш жүзүндө жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Люксембургдун борбор шаары Европа Биримдигиндеги советтик жана кыргыздын улуу жазуучусу, Кыргызстандын Люксембургдагы биринчи элчиси Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган көчөсү бар болгон жалгыз шаар.

Пикир

Оставить комментарий