• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыргыз лото”: Toyota Camry 70 жана 10 iPhone X смартфону ойнотулат

Коом 0

Бишкек, 24.08.18./Кабар/. Бишкекте августта Toyota Camry 70 жана 10 даана iPhone X смартфондору ойнотулат. Бул тууралуу “Мамлекеттик лотереялык компания” ишканасынын директору Талант Калыков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Мамлекеттик лотереялык компания” “Ала-Тоо” лотереясынын биринчи нускасын “Кыргыз лото” брендинин алдында баштаган.

“4-августта биринчи нускалык “Ала-Тоо” лотереясы ойнотула баштайт. Байге катары Toyota Camry 70, 10 даана iPhone X смартфону жана акчалай байге коюлган. Билеттин баасы 100 сомду түзөт. Билеттерди өлкөнүн бардык аймактарынан алса болот. Орундардын тизмесин, лотереялардын түрлөрүн жана оюндун эрежелерин www.kergezloto.kg сайтынан билсе болот”, - деди Калыков.

Ошондой эле ал негизги максат атамекендик спортту, маданиятты, билимди, илимди, искусствону өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана КРнын өкмөтүнүн социалдык программаларына финансылык колдоо көрсөтүү экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий