• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз маданиятын жана бийлерин Италиядагы фестивалда сунушташты

Маданият 0

Бишкек, 17.08.17 /Кабар/. Кыргызстандыктар Италиядагы “Элдердин жолугушуусу” эл аралык маданий фестивалына катышышты. Фестивалга Африка, Европа, Латын Америкасы жана Түштүк-Чыгыш Азиядан маданият өкүлдөрү келишкен.

Бишкек мэриясынын маалыматында, Кыргызстандын делегациясы “Адис” хореографиялык ансамблинен жана “Нур” фольклордук ансамблинен түзүлгөн. Италиялык көрүүчүлөр Кыргызстандын маданияты, салттары жана улуттук кийимдери менен таанышышты. Артисттер Мателика, Ортеззано, Таурано, Анакапри, Форино жана Битонто шаарларынын сахналарына чыгышты.

Италияда жашаган кыргыздар келип, аларга колдоо көрсөтүштү. Мындан тышкары, алар Адриат көлүнө сапарга чыгып келишти.

Кыргызстан бул фестивалга алгачкы ирет катышууда.

Пикир

Оставить комментарий