• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 65 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 65 жылдыгына карата «Дене- тарбия жана спорттун, жаштарды руханий адеп- ахлактык тарбиялоонун практикасы жана учурдагы маселелери" аталышындагы эл конференция өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Анда Академиянын түптөлгөндүгүнүн 65 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, аталган окуу жайдын кыргыз спортунун бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери жана эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуудага орду белгиленип, окуу жайдын пайдубалынын түптөлүшү, тарыхы жана келечекте ишке ашырыла турган маанилүү маселелер айтылды.

Конференциянын жүрүшүнө Казак туризм жана спорт академиясынын президенти Кайрат Закирьянов, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору Мехмет Туркмен жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлар ректорлору, эмгек сиңирген машыктыруучулар жана студенттер катышты.

Ал эми Азамат Жаманкулов аталган окуу жайда эмгектенип жаткан мугалимдерге дене-тарбия жана спорт тармагына кошкон салымдары үчүн министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Эл аралык конференция секциялар менен уланып, дене-тарбия жана спорттун педагогикасы, психологиясы, спорттун медициналык, биологиялык философиялык жана этнопедогикалык аспектилери талкууланат.

Эске салсак, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы Кыргызстанда спортчуларды, машыктыруучуларды жана дене тарбия мугалимдерин даярдоочу жогорку окуу жай болуп саналат. 1955-жылы КМУнун дене тарбия факультетинин базасында уюшулган. Академияда педагогика, спорт, баштапкы аскердик даярдоо, адистерди кайра даярдоо факультеттери, сырттан окуу жана даярдоо бөлүмдөрү, адистештирилген бир катар кафедралар бар.

Пикир

Оставить комментарий