• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды

Президент 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлык кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн, оозеки айтуучулардын иштөө системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме “Кыргыз улуттук “Манас” театры” деп аталат.

Пикир

Оставить комментарий