• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт - президент

Президент 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. «Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт. «Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, ар бир элдин өзгөчө инсандары болот. Андай инсандар улут, өлкө, мамлекет деген ыйык түшүнүктөр менен бирдей каралат.

Алардын ысмы улуттун аң-сезиминде, дүйнө таанымында жашап калат. Улут менен инсан ажырагыс түшүнүктөй бааланат. Мындай инсандардын ысымы муундан муунга айтылып, урпактардын эсинде кала берет.

«Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк.

«Кыргыз — Манас — Чыңгыз» деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт.

«Чыңгыз Айтматов — кыргыз инсаны дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштыкта тең таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Чыңгыз Төрөкулович — кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо алаарын тастыктады. Айтматовдун улуулугу ушунда — бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалады. Ал чыгармаларында улутубуздун турмушун жазды, бирок биздин жашоо аркылуу глобалдык маселелерди койду», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий