• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз машыктыруучулары Спорт боюнча мамагенттикти жоюп, департамент түзүүгө каршы. Себеби

Спорт 0

Бишкек, 29.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык машыктыруучулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигин жоюп, анын ордуна департамент түзүүгө каршы.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында, өткөн жылы бийлик жаңылануу деп спорт тармагын Маданият министрлигине кошуп койду.

Нет описания.

"2010-жылы да ушундай көрүнүш болгон. Анда биз ар бир кабинетке кирип жатып, жыйынтыгында парламентте беш фракциянын үчөө колдоп, спорт боюнча мамагенттик сакталып калган. Мамагенттик иштеп келгени үчүн Токио Олимпиадасында ийгилик жараттык. Департаментке өзгөртүп койсо Париж оюндарына кантип даярданабыз? Анда 11 эле кызматкер болот экен, алардын колунан келе алабы? Мындан сырткары, улуттук, олимпиадалык эмес оюндарды ким көтөрөрүн дагы унутпашыбыз керек", - дейт ал.

Алыкулов президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайрылуу жасады.

"Департамент түзгөндүн ордуна статусун көтөрүп комитет кылып берсе жакшы болмок. Элдин, спортчулардын атынан бизди өзүнчө кылып берүүңүздү суранабыз. Ошондо агенттиктин ири долбоорлору ишке ашат”, - деп айтат машыктыруучу.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Руслан Маджинов мамагенттикти департамент деңгээлине түшүрүү менен маселе чечилбей турганын белгиледи.

Нет описания.

“Азыр 63 кызматкери иштеп жатса, 11ге түшүрөбүз деп жатат. Бүгүнкү күндө кыргыз спортунун деңгээлин тескерисинче көтөрүш керек. Жакында эле өткөн Ослодогу Дүйнө чемпонатында Кыргызстандын курамасы 5-орунга илинди. Бир дагы тармак мындай көрсөткүчкө жеткен жок. Биздин талабыбыз, спорт боюнча мамагенттиктин деңгээлин көтөрүү керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий