• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат

Коом 0

Бишкек, 21.01.18 /Кабар/. Статистика боюнча 750 миң мекендештерибиз бар башка өлкөлөрдө иштешет, алардын 630 миңи Россиянын аймагында. Кыргыз мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат, деди "Парламент" радиосуна берген интервьюсунда Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев.

"Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым", – дейт Имангазиев.

Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң көмөк көрсөтүүдө. Каза болгон маркумдун жакындары мамлекеттен 50 миң сом компенсация ала алышат, - дейт студия мейманы.

Бишкек шаарында чет жакка кетип жаткан мигранттарга тил үйрөтүп, багыт берип коопсуздугун көзөмөлдөгөн Миграция кызматынын алдында жарандарды башка мамлекетке ишке орноштуруу кызматы бар.

Алар азыр Корея мамлекети менен тыгыз иш алып барууда. Мигранттарыбыз көп эмгектенген жерлерде, ардактуу консулдуктарды ачуу боюнча азыр иш - аракеттер жүрүп жаткандыгы да адистин маалыматтарынан улам белгилүү болду.

Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, эми мекендештерибиз чет жерлерде да өз пенсиясын ала алышат. Азырынча бул келишим Түркия мамлекети менен түзүлдү. Мигранттардын коопсуздугун, иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн баардык аракеттерди жасайбыз, - деп билдирди Имангазиев.

Пикир

Оставить комментарий