• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз мигранттары ЕАЭБдин алкагында “кош” пенсия ала алышат

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. / Кабар/. ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында белгилүү бир убакыт эмгектенген кыргыз эмгек мигранттары “кош” пенсия ала алат. Бул тууралуу “Кыргызстандын эмгек мигранттарына ким пенсия төлөйт” аттуу теманы эксперттик талкуу маалында адистер билдиришти.

Белгилей кетсек, азыр ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо тууралуу келишиминин күчүнө кириши күтүлүп жатат. Адистер билдиргендей, бул келишим көптөгөн мигранттарга жардам берет. Тагырагы биздин мекендеш ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн биринде иштесе, алдын ала каралган эрежелердин алкагында тажрыйба жана жашына карап өзү эмгектенген мамлекеттин пенсиялык чегерүүлөрүн алат. Бирок, ал келишим кабыл алынгандан кийин ишке ашат.

“Келишимдин эң жакшы жагы пенсия түрүндөгү экспорт. Бир киши белгилүү бир убакыт чет жерде иштеп, эмгек тажрыйбасына ээ болсо, өлкөсүнө келгенде пенсиялык үстөк иретинде чегерүүлөр берилет. Кыргызстанда эмгек тажрыйбасы болсо, жергиликтүү жана чет элдик пенсияны алат”, - деди КРнын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов.

Белгилей кетсек, аталган тартип ишке мыйзамдуу орношуп, мыйзамдуу маяна алып, чегерүү жасаган жарандарга гана колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий