• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мигранттардын акча которууларынын 97%ы Россияга туура келет

Экономика 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргыз мигранттары чет өлкөлөрдөн которгон каражаттардын 97%ы Россиядан келет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында которулган акча 444,5 млн долларды түздү. Ал эми 2016-жылы мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн каражаттын көлөмү 291 млн. долларды түзгөн.

Бул жылы которуулар 2010-жылдан берки рекорддук ченге жеткен. Негизинен кыргызстандыктар жумуш издеп Россия, Казакстан, БАЭ, Германия, Түштүк Корея, АКШ жана башка өлкөлөргө кетишет.

Пикир

Оставить комментарий