• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз милициясына 96 жыл: ИИМ башчысы кызматкерлерге атайын наамдарды, ведомстволук сыйлыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков кесиптик майрамга карата ички иштер органдарынын өздүк курамын куттуктап, кезектеги атайын наамдарды, ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери 1-ноябрь күнү өздөрүнүн кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын милициясынын күнүн белгилешет. Майрам 1924-жылы 1-ноябрь күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милициянын түзүлгөндүгүнүн күнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунушу менен 1993-жылы бекитилген.

Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленүүдө.

Кыргызстандын басып өткөн жолунда ички иштер органдары жарандарды коргоодо жана мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү ролду ойноду. Бүгүнкү күнү миңдеген милиция кызматкерлери ишине болгон эрктүүлүгү жана кайраттуулугу менен өз өмүрлөрүн жана ден соолуктарын тобекелдикке салып, бычактын мизинде туруп кылмыштуулукка каршы турууда.

“Урматтуу кесиптештер, ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жарандардын бейпил жашоосу, өлкөнүн коопсуздугу, тынчтыгы, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү үчүн кызматыңарды өтөп жатасыңар. Сиздер жогорку сый-урматка татыктуусуңар. Сиздер күнүмдүк ишмердүүлүгүңүздөрдө мыйзамдуулукту сактап, жарандардын укуктарын коргоодосуздар. Өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык, саясий шарттарда жоопкерчилик мындан дагы көбөйүүдө. Ошондуктан милицияда өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик жана абийир менен мамиле кылып, курч маселелерди тиешелүү деңгээлде жана өз убагында чечкен кесипкөйлөр иштөөдө.

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, бекем ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап кетмекчимин”, - деп ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков куттуктады.

Андан соң, куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы чыкты.

“Кесиптештер, сиздерди биздин кесиптик майрамыбыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Милиция кызматкерлеринин кызматы - бул биздин өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги. Биз баардыгыбыз таза иштеп, жүзүбүз жарык болсун. Бул майрам күнү барыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бейпилдик, тынч кызмат өтөөнү, Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм”, - деди ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев.

Ошондой эле кызмат учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлери дагы эскерилди.

ИИМден салтанаттуу иш-чара бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өткөндүгүн билдиришти. Ага байланыштуу куттуктоо үчүн кызматкерлердин бир бөлүгү катышты. Калган милиционерлер өз бөлүктөрдүндө майрамга карата сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий