• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз милициясына 96 жыл. Милициянын кайгуул кызматкерлери сыйланышты

Коом 0

Бишкек, 31.10.20./Кабар/. Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата Милициянын кайгуул кызматкерлери Ардак грамоталары, Алкыш жана Ыраазычылык барактары, ошондой эле төш белгилери менен сыйланышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

"1-ноябрь Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин кесиптик майрамына карата Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын бир нече кызматкери өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн Ички иштер министирлигинин, Бишкек ШИИББнин, Бишкек шаардык мэриясынын, ошондой эле Баткен согушуна катышкан ардагерлер кеңешинин жана Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын атынан бир нече кызматкер сыйланды", - деп айтылат маалыматта.

Сыйлыктарды Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий