• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгын утурлай гарнизондук саптык тизим өттү

Коом 0

Бишкек, 26.10.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 95 жыл толот. Ага карата коомдук коопсуздукту сактоо менен жүрүшкөн ички иштер органдарынын кызматкерлери менен милициянын кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өтүштү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Саптык тизимге ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана түзүмдөрүнүн жетекчилери, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун жоокерлери, Ички Аскерлердин аскер кызматкерлери, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, ИИМдин Академиясынын курсанттары, Бишкек шааардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери катышты.

"Салттуу тескемеден кийин, ИИМ кызматкерлери Эски аянтта салтанаттуу марш менен өтүштү. Гарнизондук саптык кароодо өзгөчө аялзатынан түзүлгөн түзүмдү белгилеп кетүү керек. Аял кызматкерлердин түзүмү саптык марш менен өтүшү майрамдык парадда эсте калаарлык окуя болуп калды", - деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий