• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз милициясынын генералдары Сооронбай Жээнбековду колдошот

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын ИИМинин генералдар клубу» коомдук бирикмесинин Кыргызстандын элине, куралдуу күчтɵрдүн офицерлерине, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдɵрүнүн кызматкерлерине

КАЙРЫЛУУсу

Кыргызстандын эли маанилүү саясий окуянын – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында турат. Биз Президентти гана эмес, ɵлкɵнүн куралдуу күчтɵрүнүн Башкы командачысын да шайлайбыз!

Бүгүн дүйнɵдɵ тынч эмес. Эл аралык терроризм, диний экстремизм, сепаратизм коркунучтары эселеп ɵсүүдɵ. Жакынкы Чыгышта да, Ооганстанда да абал тынч эмес. Ɵлкɵбүздүн кээ бир жарандары террористтик уюмдарга кириптер болуу менен согуштук аракеттерге жана террористтик акцияларга тартылууда.

Мындай шартта, ɵлкɵбүздүн башына ким шайланып келеринен мекенибиздин келечеги, элибиздин тагдыры, башталган реформалардын ишке ашырылуусу жана куралдуу күчтɵрдɵгү, сот, укук коргоо системасындагы жаңылануулар кɵз каранды.

Ɵзүбүздүн жоопкерчилибизди терең сезүү менен биз, запастагы, Коомдук бирикменин курамындагы генералдар так позициябызды билдирип, ɵлкɵнүн эң жогорку кызмат ордуна татыктуу талапкерди колдоого чакырык таштоону туура кɵрдүк.

Бүгүнкү оңой эмес учурда Кыргызстандын элине, ɵлкɵнүн куралдуу күчтɵрүнɵ, укук коргоо органдарына жана күч түзүмдɵрүнɵ мамлекетти бекемдеп, андан ары жаратмандык ɵнүгүү багытын улантуу үчүн тынчтык жана стабилдүүлүк, күчтɵрдүн консолидациясы жана коомдун ынтымагы зарыл.

Акыркы 7 жыл ɵлкɵдɵ тынчтык жана туруктуулук орун алып, мамлекет башына салмактуу, булганбаган, жоопкерчиликтүү саясатчылар келгенде гана ɵнүгүү орун аларын кɵрсɵттү. Бүгүнкү күндɵ аскер кызматчылардын абройлору ɵсүүдɵ, аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлɵлɵрү үчүн турак-жайлар, жаңы кызматтык имараттар, казармалар, чек ара ɵткɵрмɵ пункттары, милиция бɵлүмдɵрү, спорттук залдар, медициналык бейтапканалар жана госпиталдар ж.б. объекттер салынууда. Кызматкерлер үчүн түзүлгɵн шарттар жакшырууда.

Мамлекетибиз бүгүн кристаллдай таза, чынчыл, эң башкысы, элди улутуна карап бɵлбɵгɵн, куралдуу күчтɵрдү, укук коргоо органдарын ɵз элине каршы койбогон, популимз менен алектенбеген, жоопкерчиликтүү жетекчилерге жана саясатчыларга муктаж болуп турат.

Талапкерлердин арасында бул жогорку кызмат ордуна ат салышып жаткан белгилүү, эл оозуна алынган саясатчылар бар. Бирок алардын ичинен эң татыктуу жана даярдыгы бар талапкер деп Сооронбай Жээнбековду эсептейбиз!

С. Ш. Жээнбеков мамлекеттик кызматтардын эң тɵмɵнкү тепкичинен эң жогорку тепкичине чейинки жолду басып ɵттү, ошол себептен мамлекеттик масштабда ой жүгүртɵ алат. Жогорку жетекчилик кызматтарды аркалаганда, Жогорку Кеңештин депутаты, Ош облусунун губернатору, Ɵкмɵт башчысы катары ɵлкɵнүн ɵнүгүүсү, элдин жыргалчылыгы үчүн жан үрɵп иштеп келди. Муну менен эл арасында чоң урмат-сыйга, кадыр-баркка ээ болду.

Элдин жана аскер кызматкерлеринин муктаждыктары, кɵйгɵйлɵрү тууралуу Сооронбай Шарипович жакындан билет. Эң бир кыйын кезеңдерде, эл толкуп турган маалда, массалык башаламандык учурларда, улуттар аралык кагылышууларда, Баткен окуясында С. Ш. Жээнбеков ар дайым эл менен бирге болуп, жɵнɵкɵй жоокерлердин, милиционерлердин, чек арачылардын жана офицерлердин муктаждыктарын билип, камкордук кɵрүп жүрдү.

Белгилей кетчү нерсе, С. Ш. Жээнбеков коомдун, элдин кызыкчылыгын ɵз кызыкчылыгынан жогору коёт. Биздин Коомдук бирикме аталган талапкер эң жогорку кызмат ордуна шайланып келсе, ɵлкɵдɵ бүгүнкү саясий багыт уланат деп эсептейт. Армия, милиция жана күч түзүмдɵрү Кыргыз Республикасынын жана ɵлкɵнүн мыйзамдарынын алкагында гана ɵз милдеттерин аткарууга гана тартылат деп ишенебиз.

Урматтуу жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенттигине татыктуу талапкер – Сооронбай Шарипович Жээнбековду колдоого чакырабыз!

«Кыргыз Республикасынын ИИМинин генералдар клубу» коомдук бирикмеси

Кыргыз Республикасынын 26 генералы колдорун коюшту.

КР ИИМинин генералдарынын тизмеси

  1. Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич
  2. Асаналиев Тилек Асаналиевич
  3. Байзаков Шейшенбек Калилбекович
  4. Балыкин Валерий Васильевич
  5. Бубель Григорий Яковлевич
  6. Гуронов Осмоналы Ниязович
  7. Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич
  8. Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич
  9. Жанузаков Болот Чыныбаевич
  10. Зубов Сергей Иванович
  11. Каипов Алыбай Кайыпович
  12. Конгантиев Молдомуса Ташболотович
  13. Курманалиев Сабырбек Эшпаевич
  14. Мавлянов Абдукапар Субанкулович
  15. Мирзакаримов Шеркозужан Мирзакаримович
  16. Молдогазиев Бейшен Молдогазиевич
  17. Молдашев Мадалбек Молдашевич
  18. Орозалиев Кеңешбек Орозалиевич
  19. Раимбердиев Расулберди Раимбердиевич
  20. Рысалиев Зарылбек Кылычбекович
  21. Султанов Алимбай Алымбекович
  22. Суранчиев Абдулда Шергазиевич
  23. Сабиров Алишер Ахмедович
  24. Сыдыков Автандил Чынтурганович
  25. Токочбаев Касеин Тɵлɵгɵнович
  26. Турганбаев Мелис Токтомамбетович
  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 03.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий