• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз милициясынын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 15-майында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафону өттү.

Аталган марафонго жакынкы жана алыскы 35 мамлекеттен келген 3 миңден ашык спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышкан.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, спорттук ири иш-чарага кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов дагы катышты.

Кемелбек Киязов 65 жаштан жогорку курактагылар арасындагы категория боюнча күмүш байгеге ээ болду. "Ал 3 эл аралык деңгээлдеги марафонго катышкан. Ардагерибизге кажыбас кайрат, узун өмүр жана спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди багындыра беришин каалап кетмекчибиз", - деп билдиришти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий