• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз милициясынын күнүнө карата ИИМде салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. / Кабар/. 1-ноябрь Кыргыз милициясынын күнүнө карата ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ЖК депутаты Бакирдин Субанбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев, ички иштер органдарынын ардагерлери жана башка коноктор катышкан.

“Кыргыз милициясы алгачкы уюшулган күндөн тарта мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо, карапайым калктын бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөп келе жатат. Ошондуктан милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес. Өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда, түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор”, - деп белгиледи өз сөзүндө ИИМ башчысы.

Иш-чарада президент, ички иштер министринин жана башкалар атынан кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо зор салымдарын кошукон ички иштер органдарынын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылган.

Салтанаттуу иш-чара ИИМдин кызматкерлери менен ардагерлерине арналган майрамдык концерт менен жыйынтыкталган.

Пикир

Оставить комментарий