• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-монгол кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Монголиянын тышкы иштер министри Дамдин Цогтбаатар менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 16-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында болгон.

Министрлер 2020-жылга биргелешкен иш-чаралардын календарын, анын ичинде, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды талкуулашты.

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу күн тартибин карап чыгышты. Монголиянын президенти Х.Баттулганын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-отурумунун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты.

Монгол тарабы улуттук авиакомпаниялардын биринин Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор багыты боюнча түз каттам жасоого ниеттенип жаткандыгын маалымдады.

Д.Цогтбаатар КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековду Монголияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий