• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз опера жана балет театры 9-май күнү майрамдык онлайн концерт өткөрөт

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык онлайн концерт өткөрөт.

Онлайн корцерт 9-май күнү саат 18:00дө КТРКнын "Маданият" каналында көрсөтүлөт.

Көрүүчүлөр үчүн "Катюша", "Жеңиш күнү", "Турналар" жана башка ырлар аткарылат. Концертте КР Эл артисти Керим Турапов, КР эмгек сиңирген артисттери Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев, Айбек Саралаев, Тилек Найманбаев, Эл аралык сынактардын лауреаттары Глеб Ким, Бактыбек Алмабеков, операнын алдыңкы солисттери Бактыгүл Бокоева, Оксана Шутова, Ангелика Федорова, Айзирек Момунова, Таир Бейшеев, Нуржигит Асанов, Данияр Дөөлөтбаков, Нурлан Сүймөналиев, Сталбек Жунушалиев өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Концертмейстерлер: КР эмгек сиңирген артисттери Юлия Бабич жана Нуржан Токтобекова.

Пикир

Оставить комментарий