• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин жыйынтык протоколуна кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында (Россия Федерациясы) соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмеси өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү.

Өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү макулдашууларга кол коюлду.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча жол картасын даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Гидродолбоор институту» АКнын эки тараптуу жумушчу тобун түзүү чечими кабыл алынды.

Жеңил өнөр жай товарлары менен өз ара сооданы жогорулатуу максатында Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министрлигине кыргыз жеңил өнөр жай ишканаларынын продукциясынын ассортименти көрсөтүлгөн каталогун жөнөтүү макулдашуусу болду.

Тараптар санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жакын арада эки өлкө ортосундагы темир жол жана унаа жүргүнчү каттамын жандандырууну чечти.

Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында маалыматтык системалардын кызматташуусунун биринчи фазасынын алкагында киргизилген техникалык колдоо маселесин эки айлык мөөнөттө иштеп чыгуу макулдашылды.

Маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөсүндө Россия Федерациясынын ЖОЖдорунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуу квоталарын учурдагы 500 квотадан 700 квотага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу макулдашылды.

Кыргызстандын эмгектенүүчү жарандарынын Россиянын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери кеңири талкууланды.

Тараптар мамлекеттер аралык соода-экономикалык өнөктөштүктү активдештирүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында, 2022-жылдын 8-10-июнунда Екатеринбург шаарында өтүүчү тогузунчу Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташуу программасына кол коюу чечимине келишти.

Мындан тышкары, кеңешме алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду, анда финансы тармагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу каралган.

Мындан тышкары, тараптар Комиссиянын жыйырма төртүнчү кеңешмесин 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий