• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-пакистан мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. КР элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Сардар Тарик Хан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 4-мартында Исламабад шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап 2020-жылдын 2-чи бөлүгүндө өтө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын жана башка кыргыз-пакистан мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле, соода-экономикалык аймагынында эки өлкөнүн кызматташуусун күчөтүү үчүн, алгоритмди иштеп чыгышты.

Элчи Э.Бейшембиев Сардар Тарик Хан мырзаны жаңы дайындалышы менен куттуктап, өтө маанилүү ишине ар бир ийгилик каалады.

Өз кезегинде, пакистандык тарабы бардык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты жандандыруу үчүн даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий