• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-пакистан жеке ишканаларынын ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-сентябрында Лахор шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Улан Тотуяев Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Тахир Манзур жана палатанын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызаты билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана кыргыз -пакистан жеке ишканаларынын ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүү келечегин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстандын эки өлкөнүн соода-экономикалык жана өндүрүштүк кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдөгү саясий кырдаалдын жана социалдык-экономикалык абалдын турукташуусу жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, элчи Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн айыл чарба, текстиль жана фармацевтика тармагындагы эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун кызматташуусунун зор потенциалына көңүлүн бурду.

Тараптар транспорттук кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушуп, тактап айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы жарандык жана жүк аба каттамдарын үзгүлтүксүз калыбына келтирүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий