• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз паспортторун өзбек жарандарына саткан. Кара-Кулжада кызмат адамы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси О.Т.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, O.T.A. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө КР жаранынын паспортун Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.Сга белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды.

Кармалган О.Т.А. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330- беренесинин 2-бөлүгү (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда, КР калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдарынын жана кармалган адамдын байланыш түзүүсү боюнча, жана ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо мекемесинен чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документтерди берген фактыларды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий