• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргыз Петролеум Компанинин» жетекчиси менин тууганым болгонуна күнөөлүү эмес – Ташиев

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын жетекчиси Байгазы Матисаков менин тууганым болгонуна күнөөлүү эмес. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Байгазы Матисаков бул кызматка 2020-жылдын аягында дайындалган.

“Ал менин эжемдин уулу, Россиядан окуп келген, таалим-тарбиясы жакшы, тамеки тартпайт, ичпейт, саясатчы эмес, абдан билимдүү адам. Менин жээним болгонуна анын күнөөсү жок. Ал компанияны ишин жакшыртты. Менин жээним экени анын ишине тоскоол болбошу керек. Эмне үчүн ал иштебеши керек? Мен аны менен сыймыктанам”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий