• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кыргыз почтасы" 11,3 млн сомго 20 автоунаа сатып алууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы автоунаа сатып алганга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, 20 унаанын жалпы наркы 11 млн 301 миң 600 сом 56 тыйынга бааланып жатат.

Билдирүүлөр 18-декабрга чейин жиберилиши керек.

№1 лот – 2 млн 626 миң 329 сом 92 тыйынга 4 жеңил унаа.

№2 лот – 6 млн 265 миң 473 сом 24 тыйынга 13 жеңил унаа.

№3 лот – 2 млн 409 миң 797 сом 4 тыйынга 3 жеңил унаа.

Пикир

Оставить комментарий