• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кыргыз почтасы" өткөн жылы аткарган иштери туурасында маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы өткөн жылы аткарган иштери туурасында маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын март айынан баштап "Кыргыз почтасынын" бардык почта бөлүмдөрүндө салыктын 5 түрүн: жер салыгынын 3 түрүн, ыктыярдуу патентти жана 4-топтогу кыймылдуу мүлккө салыкты төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүк "Кыргыз почтасы" коммерциялык банктар жана Мамлекеттик салык кызматынын ортосундагы системанын интеграциялоосунан кийин пайда болду.

Өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда "Кыргыз почтасынын" кызматкерлери жарандарга пенсияларды жана жөлөк пулдарды үйлөрүнө өз убагында жеткирип турушкан.

Жумуш агымын автоматташтыруу жана почта жөнөтмөлөрүнүн жолун көзөмөлдөө максатында өткөн жылдын июль айынан баштап "Почта байланышы" автоматташтырылган маалымат тутуму "Кыргыз почтасынын" бардык филиалдарында пилоттук режимде иштей баштады.

Декабрь айынан баштап Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик почта кызматтары өлкөлөр ортосунда акча которууларынын жаңы PosTransfer кызматын ишке киргизди. Ал почта аркылуу дароо акча которууларды жасоого мүмкүндүк берет, аларды жөнөткөндө эле ошол убакта алууга болот.

Өткөн жылы ошондой эле "Кыргыз почтасынын" бардык филиалдарында накталай эмес финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий