• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-польша мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 09.07.21./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Польшанын Германиядагы элчиси Анджей Пшилебски менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Польшанын ортосунда кызматташуу маселелери боюнча конструктивдʏʏ пикир алмашуу болду.

Элчи Э.Абдылдаев эки тараптуу жана кɵп тараптуу форматтарда, анын ичинде Вышеград тобу менен болгон кызматташуу алкагында кыргыз-польша мамилелеринин азыркы учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маалымат берди.

Эки ɵлкɵнʏн ишкер чɵйрɵлɵрʏнʏн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кʏчɵтʏʏ зарылчылыгына ɵзгɵчɵ кɵңʏл бɵлʏндʏ.

Пикир

Оставить комментарий