• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз өрүгү Америкага экспорттолууда

Коом 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Кыргыз өрүгү Америкага экспорттолууда, - деп билдирет Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган министрликтин айыл чарба азыктарын экспортоо бөлүмү бизнес сектор жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр менен биргеликте айыл чарба азык-түлүктөрүн сатууну уюштуруу багытында активдүү иштерди жүргүзүүдө .

"2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында оперативдүү маалыматтарга таянсак өрүктүн экспортунун көлөмү 10,0 миң тоннадан ашкан. Жылдан-жылга экспортоочу өлкөлөрдүн рынокторуна жайылууда, мурда ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнө сатылса, быйыл АКШга да экспорттолгон, же Нью-Йорк шаарына – 25,0 тонна, Чикаго шаарына – 15,0 тонна, Түркиянын Измир шаарына – 120, 0 тонна, Украинанын Днепр шаарына – 44,0 тонна жана Россия Федерациясынын шаарларына – 42,0 тонна", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ысык-Көл өрүгү 8, 495 миң тонна экспорттолгон. Негизинен Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына экспорттолгон.

Белгилей кетсек, жакында Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча жаңы ишканаларды ишке киргизүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий