• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны Өкмөттүн сунушу менен кийинкиге которулду

Президент 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 27-мартка белгиленген жыйыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу менен кийинкиге мөөнөткө жылдырылды. Жыйында 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун кароо болжолдонгон. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мурда маалымдалгандай, Улуттук кеңештин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кароосуна коомдук талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды, пикирлерди эске алуу менен иштелип чыккан документтин долбоорун сунуштаган.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын (Стратегия 2040) долбоорун өлкөнүн аймактарында талкуулоо боюнча иштер Улуттук кеңештин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте 2017-жылдын 15-ноябрындагы Улуттук кеңештин 6чы жыйынынын чечимдерин аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн. Тактап айтканда эксперттик-аналитикалык коомчулук, кесиптик чөйрөлөр, бизнестин жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен талкуулар уюштурулган.

Коомдук талкуулардын жыйынтыктарын, жарандык сектордон, анын ичинде мамлекеттик органдардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен Стратегия-2040 долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Толукталып иштелип чыккан Стратегия-2040 былтыр 15-ноябрда каралган жана кабыл алынган стратегиялык документтин идеяларынын, максаттарынын жана принциптеринин кыскача жана жеткиликтүү баяндалышы болуп саналат.

Стратегия-2040 долбоору кароо үчүн Улуттук кеңештин бардык мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн.

Белгилүү болгондой, Улуттук кеңештин 2017-жылдын 15-ноябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-2023-жылдарга эсептелген КР Өкмөтүнүн «Жаны доорго кырк кадам» программасын улуттук долбоорлорду конкреттештирүү, аларды жүзөгө ашырунун мөөнөттөрү жана каржылоо булактары бөлүгүндө толуктап иштеп чыгуу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дарегине келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун сунушу менен Улуттук кеңештин жыйыны кийинки мөөнөткө жылдырылды.

Улуттук кеңештин катчылыгы Стратегия-2040 долбоорун Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна 2018-жылдын апрель айында киргизүүнү мерчемдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий