• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2014-жылдын 11-январындагы №210 “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамдын 6, 8, 11, 12 жана 14-статьяларынын ченемдерин төмөндөгүлөргө шайкеш келтирет:

-2015-жылдын 31-июлундагы №210 “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын административдик актыларды, административдик органдардын аракеттерин же аракетсиздигин сотко чейинки тартипте чечүү бөлүгүнө;

- Евразия экономикалык бирликтин келишимдик укуктук негиздерине.

Мыйзам “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий