• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында казак өнөр адамдары сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулованын катышуусу менен Казакстан жана Кыргызстандын бир катар өнөр адамдарына сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ч. Айтматов атындагы эл аралык академиянын академиги” наамы Казакстандын мамлекеттик ишмери, композитор, искусство таануу боюнча профессору, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын маданият жана спорт министри Актоту Раимкуловага тапшырылды.

“Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык” Казакстандын Эмгек Баатыры, СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Асанали Ашимов, СССРдин эл артисти, Казакстандын Эмгек Баатыры Алибек Днишев жана Казакстандын эл артисти, Казакстандын Эмгек Баатыры Роза Рымбаеваларга ыйгарылды.

Ал эми “Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлык” наамы Казакстандын Эл артисти Нуржамал Усенбаевага берилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Жанарбек Ашимжанов, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Алпысбай Казгулов, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Казакконцерттин солисти жана популярдуу “МузАРТ” эстрадалык тобунун мүчөсү Мейрамбек Беспаев тапшырылды.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы Казакстандын эмгек сиңирген артисти, композитор Секен Турысбеков, Астана жаштар театрынын директору Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери Адил Ахметов жана Казакстандын Жубеков атындагы музыкалык мектептин директору, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, композитор домбрачы Нуркен Ашировго тапшырылды.

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ардактуу профессору наамы СССРдин эл артисти, Казакстандын Эмгек Баатыры Алибек Днишев жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Мухамед кызы Майрага тапшырылды.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин ардактуу профессору наамы Казакстандын эл артисти Макпал Жунусова жана Казакстандын эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алтынбек Коразбаев тапшырылды.

Салтанатту азем Кыргызстан менен Казакстандын маданиятын даңазалаган өнөр адамдарынын концерттик программасы менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий