• 82
  • 84.48
  • 1.35

«Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

864 кароо Президент 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

Жогоруда көрсөтүлгөн жоболор 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы аныкталган күнгө карата жашы жете элек балдарга жайылтылат (башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-августундагы № 149 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып).

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий