• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ Кыргызстандын 2021-жылдагы тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Саясат 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы саясий ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары боюнча маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын негизги союздаштары жана өнөктөштөрү менен болгон саясий диалогунун жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекемделиши

Кыргыз Республикасынын президенти шайлангандан кийин Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына (Москва шаары, 24-25-февраль жана Сочи шаары, 26-май) жумушчу иш сапарлары болду, алар эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берген биримдик мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кызматташтыгынын өнүгүшүнүн кошумча далили болуп калды.

  • 2021-жылдын 2-3-мартында Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун Казакстан Республикасына мамлекеттик визити болду, анын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара аракеттенүүсүнүн мындан аркы келечегин талкуулап, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мамлекет башчыларынын жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча эки элдин кылым карыткан жакындыгын баса көрсөткөн Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
  • 11-12-мартта мамлекет башчысы С.Жапаровдун Өзбекстан Республикасына мамлекеттик визити болду, анын жүрүшүндө кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашык эки тараптуу документке, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
  • 9-11-июнда мамлекет башчысы С.Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча башкы кеңештин бешинчи отурумунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Эки өлкөнүн лидерлери учурдагы абалды жана кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
  • 11-12-ноябрда мамлекет башчысы С.Жапаровдун Түркияга расмий визити болду, анын жүрүшүндө инвестиция жана өнөр жай жаатындагы кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, агрардык сектордо, тоо-кен өндүрүшү жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Визиттин жүрүшүндө Түрк кеңешинин башка лидерлери менен бирге мамлекет башчысы С.Жапаров Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасын ачуу аземине катышты, ал эми ТМУнун сегизинчи Саммитинин жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркия Республикасынын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды, жакынкы келечекте өз ара аракеттенүү пландары белгиленди.
  • 27-28-июнда президент С.Жапаровдун Түркмөнстанга расмий визити болуп, анын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары Бирдиктүү билдирүүгө кол коюшту. Эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү тарабынан соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
  • 28-29-июнда мамлекет башчысы С.Жапаровдун Тажикстан Республикасына болгон расмий визитинин жүрүшүндө өлкө лидерлери күн тартибинин актуалдуу маселелерин, чек ара тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылууда кызматташуу, регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында тышкы коркунучтар менен күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоого басым жасалды.

Кыргызстандын эл аралык маанидеги тышкы саясий демилгелери

  • 2021-жылдын 16-апрелинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын пленардык отурумунда Кыргыз Республикасы тарабынан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деген резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул документ экология чөйрөсүндөгү БУУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы чек аралар аралык маселелерди чагылдыруучу БУУнун адистештирилген документтеринин бири болуп саналып, азыркы учурда эл аралык, регионалдык жана эки тараптуу деңгээлдерде актуалдуулугу барган сайын күч алууда. Резолюциянын бир добуштан кабыл алынышы жана анын автордук курамына дүйнөнүн 60 мамлекетинин кириши Кыргыз Республикасынын демилгесинин актуалдуулугун таанылышы жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүктүрүү маселесин илгерилетүүдө эл аралык коомчулуктун Кыргызстанды колдогондугунун далили болуп саналат. Резолюция ак илбирсти сактоо, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йорк шаарындагы БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүү сыяктуу экология чөйрөсүндө жогору бааланган Кыргызстандын ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болуп калды.
  • 2021-жылдын 23-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын отурумунда мүчө-мамлекеттер Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана 2021-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын Жалпы дебатында Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаров тарабынан айтылган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» деген резолюцияны бир добуштан колдошту. Резолюциянын негизги максаты болуп туруктуу өнүгүү жана 2030 - Күн тартибин ишке ашыруу принциптеринин негизинде келечек муунду коопсуз жана туруктуу айлана чөйрө менен камсыз кылуу үчүн биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү, изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.
  • 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын пленардык отурумунда Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун демилгеси боюнча 2022-жыл «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыяланды. Башкы Ассамблея тарабынан бир добуштан кабыл алынган бул резолюцияга авторлош катары БУУнун 93төн ашуун мүчө мамлекеттери кошулушту. Кабыл алынган документ мүчө мамлекеттерге, БУУ тутумундагы уюмдарга, башка эл аралык уюмдарга жана кызыкдар тараптарга, анын ичинде жарандык коомго, жеке секторго жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүнө тоолордун туруктуу өнүгүшүнүн, ошондой эле тоо экосистемаларын сактоонун жана туруктуу пайдалануунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жакшыртуу максатында Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылды талаптагыдай белгилөөнү сунуш кылат. Резолюция Эл аралык тоолор жылынын жана Бишкек тоо декларациясын кабыл алган Биринчи Глобалдуу тоо саммитинин 20 жылдыгына карата сунушталган болчу.

Евразия экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын алдыга жылышы

2021-жылдын 19-20-августунда Кыргызстанда Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйындын ишине Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын аремьер-министри Абдулла Арипов жана Куба Республикасынын аремьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференц байланыш аркылуу) катышты.

Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, алардын катарында 2021-2023-жылдарга биримдик өлкөлөрүнүн координацияланган транспорттук саясатынын негизги багыттарын жана ишке ашыруу этаптарын ишке ашыруу боюнча «жол картага» жана ЕАЭБнин алкагында органикалык айыл чарба продукцияларынын жалпы рыногун түзүү боюнча «жол картага» кол коюлду.

Европа биримдиги менен кызматташтыкты илгерилетүү: «Европа Биримдиги-Борбордук Азия» биринчи экономикалык форуму

Бишкектеги Биринчи «ЕБ-Борбордук Азия» экономикалык форуму 2021-жылы өткөрүлгөн экономика жаатындагы эң ири саясий иш-чара, ошондой эле БА регионундагы да, Европа биримдиги менен кызматташуудагы да Кыргызстандын дипломатиялык жетишкендиги болуп саналат.

Форум 2021-жылдын 5-ноябрында БА өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана Еврокомиссиянын Аткаруучу вице-президенти В.Домбровскистин деңгээлинде өттү. Форумдун Бишкекте ийгиликтүү өтүшү ЕБ менен региондор аралык экономикалык диалогдор үчүн анын жаңы платформа катарында жаралуусуна өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Форумду туруктуу аянтча катары институционалдаштыруу Борбордук Азия, Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө жана экономикалык операторлоруна эки тараптуу соода-сатыкты жана инвестицияларды, анын ичинде Борбордук Азияда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү жолу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Өнүктүрүү фонддорун түзүү жана ишке киргизүү

  • 2021-жылдын 18-августунда КР президенти С.Жапаров 2021-жылдын 11-мартында кол коюлган «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Фонд займдарды берүү, капиталга катышуу жана Кыргызстандын аймагында катталган жана ишмердүүлүк алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата башка финансылык куралдарды пайдалануу жолу менен Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду каржылоо аркылуу иш алып барат. Фонд кийин уставдык капиталды 200 млн долларга чейин жеткирүү менен Өзбекстан тарабынан берилип жаткан 50 млн доллар уставдык капиталы бар эл аралык уюм болуп саналат.
  • 2021-жылдын 5-ноябрында «ЕБ-БА» Биринчи экономикалык форумунун аянтчасында 16,0 млн доллар капиталдык уставы менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болду. КРнын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга КРнын тышкы иштер министри Р.Казакбаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто тарабынан кол коюлган (2021-жылдын 8-апрели). Фонддун эсебинен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу өлчөмү боюнча уставдык капитал венгер тараптан 50,0 млн долларга чейин көбөйтүлөт.
  • Офиси Кыргызстанда жайгашуусу менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин инвестициялык фондун, Кыргыз-Италия өнүктүрүү фондун, Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун жана инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун түзүү маселелери иштелип чыгууда.

БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-Конференциясына катышуу

Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 2021-жылдын 31-октябрынан 11-ноябрына чейин Глазго шаарындагы (Улуу Британия) БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 26-Конференциясына катышты (КС-26).

Саммиттин аянтчасында резидент С.Жапаров бир катар өлкөлөрдүн лидерлери: Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Армениянын президенти Армен Саркисян, Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо, Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах, Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса жана Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо жана Жашыл климаттык фонддун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле С.Жапаров Facebook компаниясынын глобалдуу туруктуулук боюнча директору Эдвард Пальмиери менен жолугушту, андан соң ушул ири социалдык тармактын павильонунда түз эфирде кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Катышуу толугу менен Кыргызстандын Париж макулдашуусунун максаттарын колдой тургандыгын тастыктады жана климаттын өзгөрүлүшү проблемасын чечүү боюнча эл аралык кызматташуу маселелеринин өлкө үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерине, климаттын глобалдык жылууланууну токтотууга жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация болууга, анын ичинде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана салым кошуу боюнча республиканын демилгелерине жана улуттук пландарына дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык донорлордун, финансылык институттардын жана климаттык/экологиялык фонддордун көңүлүн бурууга мүмкүндүк түздү.

КС-26 аянтчасында Париж макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын жаңыланган УДАСынын (Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым) презентациясы болду. Бул документ биздин өлкөгө климаттык каржылоону тартууда өнөктөштөр менен өнүктүрүү боюнча диалог куруу үчүн негизги документ болуп саналат.

Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн географиясын кеңейтүү

Эл аралык кызматташууну тереңдетүү жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракеттердин географиялык камтылышын кеңейтүү максатында КР президенти С.Жапаровдун жарлыгы менен Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилиги (08.09.2021-ж. №388 ПЖ) жана Түркиянын Анталия шаары (15.10.2021-ж. №461 ПЖ) менен АКШнын Чикаго шаарында (20.12.2021-ж. №569 ПЖ) Кыргыз Республикасынын Башкы консулдуктары түзүлдү.

Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Венгрияга жана Италияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Венгрияда (4-ноябрь) жана Италияда (9-ноябрь) КРнын элчиликтерин ачуу аземи болду. Өз кезегинде италия тарап жакынкы аралыкта Бишкек шаарында өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууну, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнү пландап жатат.

Визалык саясат чөйрөсүндөгү илгерилетүүлөр

Өлкөнүн туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында жарандарына Кыргызстанга 60 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилген мамлекеттердин тизмеси төмөнкү мамлекеттер менен толукталды: Албания Республикасы, Болгария Республикасы, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль Мамлекети, Кипр Республикасы, Түндүк Македония Республикасы, Румыния Республикасы, Таиланд Королдугу, Мексика Кошмо Штаттары. Мындан тышкары, БУУнун паспортторуна ээ болгон чет элдик жарандар үчүн бир тараптуу тартипте 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилген.

Жалпысынан азыркы учурда дүйнөнүн 61 өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз режим каралган.

Чет өлкөдө консулдук кызмат көрсөтүү жана жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөгө барган КРнын жарандарынын жүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча процесстерди оптималдаштыруу чөйрөсүндөгү илгерилетүүлөр

  • 2021-жылы чет өлкөдө КРнын жарандарын документтештирүү боюнча жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү, консулдук кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөтүлүп, бул чет өлкөдө КРнын жарандарын консулдук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана оптимадаштырууга мүмкүнчүлүк түздү.
  • Каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине репатриациялоо боюнча маселелерди жөнгө салууда түзүмдүк мамилени өзгөртүү жагы иштелип чыкты, ага ылайык чет өлкөдө каза болгон КРнын жарандарынын сөөгүн транспорттоого кеткен бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат.
  • Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортту, ID-картаны тариздөөгө документтерди кабыл алуу башталды. Чет өлкөдөгү жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү маалым каттарды алуу мүмкүндүгүнө ээ болду.
  • «МКК» (Мекенге кайтуу күбөлүгү) жана «Талап кылуу» АМТнүн иштеп чыгуу, орнотуу жана ченемдик-укуктук бекитүү иштери аяктады, анын натыйжасында чет өлкөдө жүргөн жаранга мекенге кайтуу күбөлүгү аны кабыл алуу учурунда эле таризделип, дароо берилет.

Мындан тышкары, чет мамлекетте жүргөн (оор кырдаалда болгон) Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенге кайтаруу боюнча иштин алкагында төмөнкүлөр иштелип чыкты:

  • Иракка болгон «Мээрим» Өкмөттүк гуманитардык миссиясынын натыйжасында 2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасына Кыргызстандын жарандары – 79 жаш бала репатриацияланды. Өмүрүнө жана ден соолугуна өтө кооптуу коркунуч келтирилген кырдаалда калган жана мамлекет тарабынан корголууга укуктуу балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия ушундай мүнөздөгү жана масштабдагы биринчи репатриациялоо иш-чарасы болуп саналат. Репатриация боюнча олуттуу жемиштүү иштерди ичине камтыган бул иш-чаралар комплексинин алкагында, ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2021-жылдын февралынын аягында балдарды мекенине кайтарууну даярдоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн дипломатиялык кызматкерлерден, өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн турган алдыңкы жумушчу топ гуманитардык миссия менен Ирак Республикасына жөнөтүлгөн. Балдарды репатриациялоо Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин саясий эркинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн координациясынын жана өлкөнүн тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, укук коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин өз ара аракеттеринин, ошондой эле БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) олуттуу жардамынын аркасында мүмкүн болду. Балдарды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана коопсуз тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлдү.
  • 2021-жылдын августунда өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен Афганистандан КРнын 36 жаранын мекенине эвакуациялоо жүзөгө ашырылды.
  • Чет өлкөлөрдө ата-энелеринин камкордугусуз калган 16 ымыркайды КРге репатриациялоо иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам тартуу алкагында

2021-жылы КРде COVID-19 вирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы аракеттенүү жана медикаменттер, тиешелүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууда жардам көрсөтүү максатында өлкөнүн муктаждыгына жана керектөөсүнө ылайык коронавирус инфекциясына вакциналарды (Sputnik V, Sinopharm, Pfizer, Moderna ж.б.), ПЦР-тесттерди, реагенттерди, жеке коргонуу каражаттарын, гуманитардык жана башка жардамдарды тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү (Маалымат үчүн: КРнын ССМге караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2022-жылдын башына КРге вакциналардын төмөнкү түрлөрү келип түшкөн: Sinopharm - 4 150 000 доза, Sputnik V - 120 000 доза, AstraZeneca – 549 760 доза, Казвак – 25 000 доза, Pfizer - 308 880 доза, Спутник Лайт – 200 000 доза, Синовак - 150 000 доза, Модерна – 115 200 доза).

2021-жыл ичинде Кыргыз Республикасына тартылган гуманитардык жардамдын саны болжол менен 287 млн 443 миң 916 сомду түздү.

КРнын президентинин 2021-жылдын 4-майындагы №113 «Баткен областынын чек арага чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар жөнүндө» жарлыгы менен бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында финансылык жана гуманитардык жардамдарды тартууга көмөк көрсөтүлдү, ал болжол менен 1,2 млрд сомду түздү.

Кыргыз Республикасында референдумдардын, президенттик жана парламенттик шайлоолордун өтүшүнүн дүйнөлүк коомчулук тарабынан оң бааланышы

Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 10-январында шайлоочулардын эрки менен мамлекет башчысы С.Н.Жапаровдун жетекчилиги астында өлкө президенттик башкаруу формасына өттү. Ушундан улам негизги мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы келип чыкты жана 2021-жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдум өткөрүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн шайлоонун жана референдумдардын жыйынтыгына кошумча 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоонун өтүшү өлкө жетекчилиги тарабынан белгиленген реформаларды жүзөгө ашыруунун жана ошондой эле өткөн жылдын октябрь окуясынан кийин тездик менен өнүгүүгө өтүү үчүн кезектеги маанилүү кадам болуп калды.

Чет мамлекеттерде жашаган биздин жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында жыл ичинде чет өлкөдө 4 шайлоо иш-чарасы уюштурулду жана өткөрүлдү, КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин баарында шайлоо участокторун (алардын саны 2021-жылы 48ден 59га чейин көбөйдү) ачуу жолу менен чет жакта биометрикалык маалыматтарды топтоого жана шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүлдү.

Эл аралык байкоочуларды тартууга, эл аралык журналисттерди аккредитациялоого максималдуу көмөк көрсөтүлдү. Жогоруда аталган шайлоолор жана референдумдар эл аралык коомчулук тарабынан ачык жана атаандаштыкта өткөн шайлоо деп таанылды. Өткөн шайлоолор демократиялык өлкө катары Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркынын бекемделишине олуттуу көмөк көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий