• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: Саламаттык сактоо тутуму

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата маалыматтык материалдардын циклин жарыялоону улантат.

Аталган макала саламаттык сактоо тутумуна арналган.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы ичинде саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү стратегиясы саламаттык сактоо тутумун чыңдоого жана профилактикалык жана алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө кайрадан багыттап түзүүгө, мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүгө, ресурстарды бөлүштүрүүнүн акыйкаттыгын жакшыртууга, ошондой эле жарандардын саламаттык сактоо тейлөөсүнө жеткиликтүүлүгүнө карата финансылык жана финансылык эмес чектөөлөрдү жоюуга багытталган.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер институту киргизилип, бүтүндөй өлкө боюнча үй -бүлөлүк дарыгерлердин тобу түзүлдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы кошумча ресурстарды тартуу, финансылык тобокелдиктерден коргоо даражасын жогорулатуу жана медициналык кызматтарды сатып алуу механизмдерин жакшыртуу максатында киргизилген.

Адамдын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнө тийиштүү бир нече маанилүү жыйынтыктарга жетишилди. Бул 30-39 жаштагы жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган адамдардын жалпы өлүмүнүн азайышын камтыйт. Эгерде 1995-жылы бул көрсөткүч 100 миң калктын 90,8ине барабар болсо, 2020-жылы 100 миң калкка 31,1 көрсөткүчкө дейре азайган.

Бул мезгилде кургак учуктан келип чыккан өлүмдүн көрсөткүчү 100 миң калкка 7,1 көрсөткүчтөн 100 миң калкка 3,9 га чейин төмөндөгөн.

Энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн деңгээли дагы төмөндөөдө, бирок жайыраак темпте жүрүүдө. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2015-жылы Кыргызстан 1990-жылга салыштырмалуу балдардын өлүмүн 2/3 кыскартуу боюнча Миң жылдыктын Өнүгүү Максатына (МӨМ-4) жетишкен.

Акыркы 10 жылдын ичинде жашоо узактыгы орточо 2,4 жылга өстү.

Калкты эмдөө маселеси боюнча олуттуу ийгиликтер орун алды. Жүргүзүлүп жаткан эмдөө вакцинациялоо алкагында учурда Кыргызстанда төрөлгөн балдар арасында полиомиелит, кургак учук менингити, столбняк оорулары катталган эмес, 1 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында вирустук В гепатит оорусу, дифтерия оорусу бир кыйла кыскарган.

Көк жөтөл оорусу калктын 100 миңине карата - 2 учурга, эпидемиялык паротит 100 миң калкка - 4 учурга кыскарган, 2015-жылы 100 миң калкка кызамыктын 300 учуру туура келсе, калктын 100 миңине бир учурга чейин кыскарды. ошондой эле кызылча вирусунун эндемикалык циркуляциясы үзгүлтүккө учурады.

2021-жылдын 1-апрелинен тарта баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы дарыгерлердин базалык маянасы 100%га жогорулатылды. Базалык эмгек акы 10 миң сом өлчөмүндө белгиленди, же 100%га жогорулатылды, ал эми көрсөткүчтөр боюнча иштин натыйжалуулугун баалоо жыйынтыгы боюнча кошумча төлөмдөр жокко чыгарылды.

Саламаттык сактоо тутумунун башка кызматкерлери үчүн эмгек акы 2021-жылдын 1-июлунан тартып - 50% га, ал эми техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 40% га жогорулатылды. Ошол эле учурда компенсациялык жана стимулдаштыруучу мүнөздөгү кошумча төлөмдөр сакталып калган.

Пикир

Оставить комментарий