• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Азия MIX» КВН командасын сыйлады

Маданият 0

Бишкек, 25-февраль /Кабар/. «Шайырлар жана тапкычтар клубу» оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Азия MIX» КВН командасын сыйлоо чечимин кабал алды», —деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев, «КВН Ала-Тоо расмий лигасы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолукканда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«КВН Ала-Тоо расмий лигасы» коомдук бирикмесинин, 2016-жылы «Шайырлар жана тапкычтар клубу» жогорку лигасын жеңип алган «Азия MIX» командасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 300 миң сом бөлүндү.

«Кыргызстандагы улуу муундун өкүлдөрү биздин да КВН командалар жогорку лигага катышуусун кыялданчу. Бирок эч ким жердештерибиз жогорку лигада ойноп, аны жеңип алат деп, ойлогон эмес. Силердин аракетиңердин, өзгөчө тапкычтыгыңардын натыйжасында көп мекендештердин тилектери орундалды. Силер КВН жогорку лигасында татыктуу ойноп, аны жеңдиңер жана 2016-жылдын чемпиону болдуңар», – деди ал.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев «Азия MIX» чыныгы талантуулар катары жалпы жаштарга мыкты үлгү боло ала тургандыгын баса белгиледи.

«Силер ийгиликке жетишүүнү калаган жүз миңдеген жаштардын кумири болуп калдыңар. Алар үчүн силер мыкты үлгүсүңөр. Мен силердин мындан аркы оюндарыңар дайыма ийгиликтер менен коштолоруна ишеним артам», — деди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий