• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматматкерлери ишембиликке чыгышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 15 апрелде, Чүй облусунун Сокулук районун Белек айылына ишембиликке чыгышты. Алар көчөттөрдү, ийне жалбырактуу бактарды отургузушуп, ишембилик болгон жерди тазалашты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министрлер Олег Панкратов жана Чолпон Султанбекова, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов катышышты.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кечээ, 14-апрелде, кыргызстандыктарды жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышууга чакырган.
Бүгүн өлкөнүн бардык облустарында аймактарды тазалоо жана жашылдандыруу иш-чаралары өтүүдө.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жазга карата даярдыктын алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жыл сайын өтүүчү салтты жаңылап– аймактарда ишмебиликтерди өткөрүүнү тапшырган. Мындай иш чаралардын максаты – жаштарды өз мекенин сүйүүгө үндөө, жер-жерлерде тазалыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү тургундарды мобилизациялоо.

Белгилей кетсек, ыйман-адеп жана маданият жылынын алкагында ишембиликтерди өткөрүү жалпы жарандардын айлана чөйрөгө болгон камкордугун күчөтүүгө жана эмгекти сыйлоону калыптандырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий