• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүп жатат (сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө,-деп билдирет өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү.

Жыйында 2017-2018-жж. күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары жана 2018-2019-жж. күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары каралууда.

Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жж. карата аймактык саясат Концепциясын аткаруунун жүрүшү каралды.

Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий