• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КРнын мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл – Бажы кызматынын куттуктоосу

Коом 0


Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Кыргыздардын эне тили кылымдарды карытып, көп тарыхты артта калтырып, кыйын доорду башынан өткөрүп келип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деген макамды алганына быйыл туура отуз жылдын жүзү болду.

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Совети Кыргыз ССРинин Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага ылайык Конституциянын 71-беренесинде абдан олутту жобо камтылган:

«Кыргыз тили Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Кыргыз ССРи мамлекеттик тилдин ар тараптан өнүгүшүн, анын республиканын мамлекеттик, коомдук жана маданий турмушунун бардык чөйрөлөрүндө колдонулушун камсыз кылат. Кыргыз ССРи СССР элдеринин улуттар аралык байланыш тили катары орус тилинин республиканын аймагында эркин колдонулушун камсыз кылат. Кыргыз ССРи республиканын калкы пайдаланып жаткан бардык тилдердин тең укуктуу жана эркин өнүгүшүнө мамлекеттик камкордук көрөт». Конституциянын ушу жаңы жобосунун негизинде Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын кабыл алган.

Кыргыз тилине мамлекеттик макамын берүү чечимин кабыл алуу оңойго турбаганына тарых күбө. Биз аны унутпашыбыз керек. Бул эркиндикке карай кыйын жолдо, узак сапарда тарыхый жагдайга жараша жасалган эң туура кадам болгон. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Болот Юнусалиев, Кусейин Карасаев, Константин Юдахин кыргыз тилинин жалпы улуттук тил катары калыптанышына, лексикогрфиялык жактан такталышына, анын мамлекеттик тилге чейин өсүп жетилип, дүйнөлүк тилдердин катарында өз ордун табуусуна баа жеткис салым кошкон чыгаан окумуштууларыбыздын эмгеги зор.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматов айткандай: “Элдин улуулугу – анын тилинде”. Демек эне тилибизди көздүн карегиндей сактап, өркүндөтүп, кийинки муундарга жеткирүү биздин милдетибиз. Анткени өз тилибизди коргогонубуз - мамлекетибиздин маанилүү негизин, пайдубалын коргогонубуз. Эртеңки тил тагдырына кам көргөнүбүз - кыргыз элинин улут катары сакталышына, өсүп-өнүгүшүнө камкордук көргөнүбүз. Мамлекеттик тилдин өнүгүшү ар бир атуулдун колунда!

Пикир

Оставить комментарий