• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 29.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы „Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

—3-пункттун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

« — Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги;».

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий