• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда илимий-изилдөө иштерине жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.23./Кабар/. КР министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйындын башында министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кесиптештерине жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри – Каныбек Иманалиевди тааныштырды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкө жетекчилиги ведомствонун жаңы жетекчисине чоң үмүт артып жаткандыгын белгиледи.

«Өлкө кызыкчылыгы жана балдарыбыздын келечеги үчүн билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багытталган алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө бардык күч-аракетиңизди жумшооңуз зарыл. Биздин балдар эмгек рыногунда ийгилик жаратып, суроо-талапка ээ болушу үчүн тийиштүү билимге ээ болушу керек», - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттардын 1%ы илимий изилдөөлөргө багытталат.

«Бул болжолдуу түрдө жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат. Мамлекеттик органдар ата мекендик окумуштуулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген илимий-изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн заказ кылуучусу болуусу тийиш. Ошол эле учурда натыйжалуулугу өтө төмөн болгон Улуттук илим фондун кайра түзүү зарыл», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий