• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин билдирүүсү

Президент 0

Бишкек, 11-март /Кабар/. КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, кийинки кезде Кыргыз Республикасында эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү.

"Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы. Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши.

Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет.

Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Кийинки жылдары Кыргызстандын бутуна туруп бара жатканын түшүнүп, бул адамдар митаам жана булганыч оюн башташып, жалганчылыкты жана ушакчылыкты өздөрүнүн куралы кылып алышты. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди.

Азыр өлкөбүзгө жана Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, биримдик жана бекем баш кошкондук керек. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жетишилген жарандардын укуктары жана эркиндиктери менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылар чайкоочулук кылышына жол бербейбиз”,-деп айтылат Президенттин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий