• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен падышалыгы үй-бүлөсү уюштурган салтанатка катышты

Президент 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Кечээ, 1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.

КР мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров катышты.

Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.

БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Пикир

Оставить комментарий