• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРКга "улуттук" макамы кайтарылды. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 13.05.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган.

Бул мыйзам телерадиоберүү уюмунун макамын, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда анын ролун жана ордун аныктайт.

Ошону менен бирге, документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо зарылчылыгы жөнүндө айткан өлкө элине кайрылуусун ишке ашырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий