• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү

Президент 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземинде сөз сүйлөдү.

КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Ардактуу коноктор!

Тагдыр чечээр учурда, өткөн шайлоодо, көп улуттуу кутман журтубуз дагы бир ирет кеменгердигин, акылмандыгын, көрөгөчтүгүн көрсөттү. Каарман калкыбыз тынчтыкты, биримдикти, көз карандысыздыкты, улуттун намысын бийик койду, башкы дөөлөт катары тандады.

Өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн көрсөткөн колдооӊуздарга, урматтуу мекендештерим, чын дилимден ыраазычылык билдирем!

Кылым карыткан кыргыз журтунда эзелтен бийликтин ээси эл болгон. Кыргыздар үчүн эркиндиктен жогору эч нерсе жок!

Адилетсиз башкарууга биз эч качан баш ийген эмеспиз. Кыргыздар адилеттүүлүк үчүн өмүрүн берген. Аксы окуясында, 2010 жылдын 7-апрелинде буга дүйнө күбө болду.

Мени кыргыз кылып, кыргыз жараны кылып жараткан Алла-Таалага чексиз ыраазымын. Кыргыз элинен айланса болот. Ата-Журтумдун, элимдин алдында башымды ийип, таазим этем!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Акыркы жылдар - кылымга тете жылдар болду, өлкɵбүз улуттук кайра жаралууга багыт алды.

Зор саясий өзгөрүүлөр орун алды. Кыргызстан дүйнɵгɵ демократиялык ɵлкɵ экендигин далилдеди. Экономикада, социалдык чөйрөдө тарыхый ири долбоорлор ишке ашты.

Бүгүн болсо эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчысы өз ыктыяры менен, таза шайлоонун негизинде бийликти өткөрүп жатат.

Атамбаев Алмазбек Шаршенович зор эрки менен өлкөбүздө жаӊы саясий маданиятты калыптандырды, кийинки муундарга үлгү болгон кадам жасады. Көптөгөн башка мамлекеттерге кыргыз элинин эркиндикке болгон умтулуусун даӊазалап, чыныгы демократ, улуу инсан экендигин дагы бир ирет дүйнө жүзүнө далилдеди.

Өз тарыхыбызга, маданиятыбызга, каада-салттарыбызга, элдин ишенимине таянган бийликти түптөдү.

Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан, урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан тереӊ ыраазычылык билдирем! Сиз баштап берген Кыргыз көчү өз жолун улайт!

Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыӊыз, эрдигиӊиз, акылман-көрөгөчтүгүӊүз үчүн Сиз “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эӊ жогорку артыкчылык даражасы, “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз. Мамлекетибиздин бул эӊ жогорку сыйлыгын Сизге элибиздин атынан чоӊ сыймык менен тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи Жарлыгым ушул болот.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Президенттик кызматка талапкерлигимди көрсөткөн, мени алдыга сүрөгөн партиялаштырыма, үзөӊгүлөштөрүмө ыраазычылык билдирем. Элиме ак ниет кызмат кылуу тилегимди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясына ыраазымын!

Урматтуу улуу журтум, кымбаттуу кыргыз элим!

Өлкөнүн тагдыры – ар бирибиздин тагдырыбыз! Сиздердин ишенимиӊиздерди актоо, элиме кызмат кылуу - менин өмүрүмдүн маӊызы болуп калды!

Бүгүн, Мекенимдин тагдырына жоопкерчилик алып жатып, айтаар сөзүм: Мен үчүн бийлик - бул эл-жерибизге кызмат кылуу, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу, Кыргыз Мамлекетин бекемдөө!

Мен, парламентаризмди колдойм! Президент катары Конституцияда аныкталган милдеттеримди так аткарам, эл менен бийликтин биримдигин камсыздайм!

Кадырлуу калкым!

Кыргызстанды “Мекеним” деген ар улуттун өкүлдөрү - мекендештерибиз, боордошторубуз, жана тилектештерибиз. Далай тар жол, тайгак кечүүлөрдөн чогуу өтүп келатабыз.

Соңку 50 жылда үч ирет улут аралык жаңжал чыккан, ошондуктан ар бирибиз өз үйүбүздө, көчөбүздө, айыл - шаарыбызда тынчтык үчүн жоопкербиз! Биздин милдет – улут аралык ынтымакты ширетип, бири-бирибизге болгон сабырдуулук менен аяр мамилени сактоо.

Өлкөбүздө тынчтык менен эл ынтымагын өзүбүздөн башка эч ким камсыз кылбайт!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Биздин максатыбыз так жана анык : өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана инвестицияларга ыңгайлуу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылабыз.

Жакынкы жылдарда биз керектөөчү эмес, жаратман экономикага ээ болушубуз зарыл.

Экономикалык өнүгүү адамдык ресурс жана билим берүү менен тыгыз байланышта. Дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук берүү үчүн билим берүүнүн сапатын жакшыртышыбыз керек. Балдарыбыз заманбап технологияларды ийкем колдонуп, көп тилди билүүсү зарыл.

Биз жердин кени эмес, билимдин кени менен көтөрүлөбүз. Билим саясаты - менин Президенттик мөөнөтүмдө приоритет катары таанылат!

Биз социалдык саясатка багыт алган мамлекетти түзгөнбүз жана ал багытыбыздан кайтпайбыз! Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында дээрлик баардык тармакта реформа жүргүзүлөт.

Урматтуу мекендештерим,

кадырлуу калкым!

Бийлик таза болмоюн, өлкө өнүкпөйт. Коррупция менен аёосуз күрөш башталып, коомубуздун тазаланышына шарт түзүлдү. Эртеби – кечпи “уурунун орду - түрмө” деп, эл арасында бийликке чон ишеним жаралды.

Байыртан ата-бабаларыбыз эл башкарып, журт башына көтөрүлгөн уулдарына “Бир адамды башкарсаң да, өзүңдө миң адамдык тазалыкты алып жүр” деп айтышкан.

“Жетекчи болом” дегендер өзү таза болсун!

“Ыймандуу бийде – тууган жок! Туугандуу бийде – ыйман жок!” деген ата-бабаларыбыздын сөзүн эсибизден чыгарбайлы!

Демократиянын эки досу бар, биринчиси эркиндик, экинчиси – жоопкерчилик. Мен Президент катары бийликтин баардык бутактарына эн катуу талаптарды коем.

Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин Президенттик мөөнөтүмдүн эң приоритеттүү багыты! Бул күрөштүн башкы маңызы – мыйзам адында баары бирдей болот.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Укук коргоо органдарынын жана сот системасынын айрым иш-аракеттери, коррупциялык көрүнүштөрү коомчулукта сын-пикир жаратып жатат. Алар коррупциядан арылып, адамдын, жарандын жана бизнестин кызыкчылыгын коргоону бирден бир милдети катары таануусу зарыл.

Биз соттордун инфраструктурасын жакшыртууга, заманбап технологияларды колдонууга тийишпиз. Ошондо алардын иши ачык болот, коомчулуктун алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт.

Кымбаттуу мекендештерим!

Глобалдык дүйнөдө улут бойдон сакталуу үчүн өзүбүздүн баалуулуктарды өркүндөтүүбүз зарыл.

“Кайыӊ барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган?” дегендей, элибиз эчентарыхый сыноодон өтүп, эчен азап-тозокту көрдү. Бирок, эч качан келечектен үмүт үзбөй, журт башына түшкөн катаал мезгилдерди улуттун духу жана руху менен жеңип келди!

Азыр да улуттук кайра жаралуу кыргыздын дилин, тилин, улуттун маданиятын өнүктүрүүдөн башталат. Бөтөн элдин үрп-адатын ээрчибей, өз маданиятыбызды сыйлап, салтыбызды, тилибизди, пейлибизди сактап калалы.

Биздин көөнөрбөс тарыхыбыз, улуу мурасыбыз, көркөм казынабыз, өзгөчө маданиятыбыз, “Манасты” данктаган эне тилибиз бар!

Урматтуу мекендештерим!

“Ар бир жарандын укугун, эркиндигин жана кызыкчылыктарын коргогон элдик Президент болом” деген аруу тилек, максатымды ишке ашырам. Буга менин билимим да, тажрыйбам да, дараметим да, ар-намысым да жетет! Айкөл Манас Атабыз “Калайык-калкка жаным курман” деп өмүрүн арнаган. Мен да Кыргызстаным үчүн бүткүл өмүрүмдү арнайм! Элиме, жериме акыркы демим калгыча ак дилден кызмат кылам! Мен үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!

Кадырман калкым! Кымбаттуу мекендештерим!

Биздин улуу тарыхыбыз болгон. Буйруса, сөзсүз улуу келечегибиз да бар! Азаттыкты кан-жанына синирген ата-бабаларыбыздын үмүт-тилегин актап, урпактарга гүлдөгөн, элин, жерин коргой алган мамлекетти куруп беребиз! Жаратканым Кыргызстаныбызга, элибизге, жерибизге, мээримин төгүп, бөөдө кырсыктан, жаман сөз, жаман көздөн сактасын!

Түбөлүктүү бол, улуу Кыргыз элим!

Жашасын эгемендүү, касиеттүү Кыргызстаным!

Кудайым Кыргызстаныбызды колдосун!”

Пикир

Оставить комментарий