• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардагы салык режими боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салууну жакшыртуу.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий